Вибрато (итал. vibrato, лат. vibratio — термелүү) —

  • 1. Муз. кылдуу аспапта ойноодо сол колдун манжалары менен кылды басып дирилдетүү. Вибрато 16— 17-кылымда лютнисттер менен гамбиеттер тарабынан чыгарылып, кийин скрип­ка тобундагы аспаптарга пайдаланылган.
  • 2. Кээ бир үйлөмө аспаптар менен ойноонун ыкмасы.
  • 3. Ырчынын калтырак үнү.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.