Вибрафон - (лат. vibro термелем) урма музыкалык аспап, металлофондун бир түрү. 20-кылымдын башында ойлоп табылган. Фортепьянонун клавишалары сыяктуу эки катар жайгашкан ар түрдүү узундуктагы металл пластинкалардан турат. Аткаруучу учу кебез же резина таякчалар менен пластинкаларды ургулап ойнойт. Вибрафондон жумшак, термелген өзгөчө добуш чыгат. Ал оркестрде, кээде жеке да ойнолот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү