Виган шаары - Филиппиндеги шаар. Түштүк Илокос провиниясынын административдик борбору. Калкы 49,1 миң (2006). Лусон аралынын Түштүк-батышында, Түштүк Кытай деңизинин жээгинде жайгашкан. Манила шаары менен автомагистраль аркылуу байланышат. Вигандан 80 км түндүктө Лаоаг эл аралык аэропорту бар. Испандар келгенге чейин эле деңиз жээгинде тургун жайлар пайда болуп, алар Кытай, Малайя архипелагындагы мамлекеттер менен соода байланышында болгон. Шаарды 1572-ж. испандар негиздеген. Колония мезгилинде өлкөнүн Лусондун түндүгүндөгү маанилүү экономикалык жана саясий борбору болгон. Филиппиндеги сакталып калган колония шаары катары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаар «Индий мыйзамына» ылайык курулуп, эстеликтери испандыктардын, кытайлардын, жергиликтүү архитектуралык салттарга шайкеш тургузулган. Ыйык Павел собору, испан жана жергиликтүү аксөөктөрдүн турак жайлары, музей (филиал) ж. б. бар. Айыл чарба өсүмдүктөрүн (шалы, балкамыш, жүгөрү, тамыры жемиш, жашылча, жемиш) өстүрүүчү аймактын борбору.

Виган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү