Вигвам — Түндүк Америкa индейцтеринин үйү.

Апачилердин вигвамы, 1903

Дарактардын кабынан же болбосо майда бутактарынан жасалган, үстүнкү бети чөп өсүмдүктөрү же малдын териси менен жабылган чатыр. Америкалык индейцтердин тазалануу жана кайра жаралуу салтында колдонулат, вигвам Улуу Арбак дегенди түшүндүрөт. Анын тегерек формасы дүйнө бир экенини билдирип, ал эми андан чыккан түтүн Улуу Арбактын көрүнүп жатканы деп билишет. Бул караңгы жайдан сыртка чыгуу, адамдын баардык кылган жаман нерселерин караңгыга калтырып чыкканы болуп саналат. Анын ортосундагы карагай Жер менен Асманды бириктирип туруучу Күнгө карай жол. Ал эми түтүн чыга турган түндүк болсо Асманга чыгуу жана арбактарга ачылган каалга деп билишет.

Ошондой эле түзөтүү