Виктория көлү, Виктория Ньянза, Укереве Чыгыш Африкадагы көл. Танзания, Кения жана Уганда мамлекеттеринин чек арасында. Чыгыш Африка платформасынын тектоникалык ийилүүсүндө жайгашкан. Аянты 68 миң км2 (тузсуз көлдөрдүн ичинен чоңдугу боюнча дүйнөдө 2-орунда). Тереңдиги 80 мге чейин. Жээги ойдуңдуу, булуң-буйткалуу. Аралдары көп (жалпы аянты 6 миң км2дей). Көп дарыялар куят; эң чоңу Кагера (Нилдин башаты); Виктория Нил суусу агып чыгат. Толкун пайда кылуучу катуу шамал болуп турат. Балык кармалат (негизги промыселдик балыгы балти). Кеме жүрөт. Негизги порттору: Энтеббе (Уганда), Мванза, Букоба (Танзания), Кисуму (Кения). Түндүк жээгине жакын Уганданын борбору Кампала шаары орун алган. Викторияны Инди океанынын жээктери менен байланыштыруучу Кисуму Момбаса жана Мванза Табора Дар-эс-Салам темир жолу бар. Рубондо аралында (Танзания) улуттук парк уюшулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү