Дави́д Ви́лья Са́нчес
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Дави́д Ви́лья Са́нчес (испанча- David Villa Sánchez')
Туулган жылы: 1981-жыл, 3-декабрь
Туулган жери: Лангрео, Астурия, Испания
Бою: 175 сантиметр,
Өлкө: Испaния желеги
Позициясы: Чабуулчу,
Клуб маалыматы
Учурдагы клубу: Атлетико Мадрид
Номери: 9

Дави́д Ви́лья Са́нчес (испанча David Villa Sánchez;) - испандык футболчу, Атлетико Мадрид клубунун алмаштыргыс жана Испания курама командысынын чабуулчусу. Европа жана дүйнөнүн чемпиону. Давиддин атактуу футболчу болушуна атасы Хосе Мануэль Вильянын салымы зор. Футболчу Испаниядагы Лангрео деген көмүр кени чыккан шаарчага жакын жайгашкан Туилья аттуу айылда туулуп-өскөн. Мына ошол шахтада иштеген атасы уулунун да өзүнө окшоп кенде иштөөсүн каалаган эмес. Бул максатта ал уулуна топ сатып берет жана баары ошондон башталат. Кичинекей Давид атасынын белегин ойноп көрүп, топ менен ойноону (футболду) түбөлүккө сүйүп калган десек болот. Ошондо атасы уулуна топ алып берүү менен испан футболуна чоң белек тартуулап жатканын билбесе керек.

Бала чагы түзөтүү

Давид мектепке китебин унутса да, топ ала барчу. Анан балдарды чогултуп, футбол ойноо үчүн сабактын бүтүшүн чыдамсыздык менен күтөр эле. Мугалимдер Давиддин ата-энесине уулунун жөндөмдүү экенин айтышып, окуп, чоң ийгиликтерге жетишүүсү үчүн футбол ойноого тыюу салууну суранышат. Бирок атасы андан баш тартат.

Атактуу футболчунун бала кезинде башынан өткөн бир окуясын айта кетпесек болбос. Давид кичинекейинде бою кыска, арык болчу. Андыктан организмин чыңдоо үчүн атайын витамин ичип чоңойгон. Мына ошол 4 жаштагы назик бала чоң балдарга теңелип топ ойноп жүрүп жыгылып, оң жамбашын сындырып алат. Дарыгерлер «бутуна коюлган пластина, винттер аксоого алып келип, келечекте футбол ойной албашы мүмкүн» деген оюн айтышкан.

 
Вильянын бала чагы

2 ай кыймылдабай жатуу, дагы бир нече ай гипс менен жүрүү 5 жашка чыга элек бала үчүн чоң сыноо болчу. Мына ушундай оор учурда уулунун футболчу болуусун каалаган атасы кечинде шахтадан чарчап келсе да, уулу менен машыгууга убакыт табат. Албетте, Давид топту сол буту менен ойноор эле. Кызыгы, учурда Давид – эки буту менен тең бирдей ойной ала турган универсал футболчу. Мунун сыры эми түшүнүктүү болсо керек.

Давид футболдук чокуларды багынтууну өзү туулуп-өскөн Лангреодо баштаган. Ал жаш кезинен эле «Спортинг Хихондун» жаштар командасында ойноп, бардык тепкичтерди басып өткөн. Анан 18 жашында көптөн күткөн күнү келип, башкы командага чакыруу алган. Биринчи сезондо көбүнчө запаста отурганы менен, кийинки сезондо мүмкүнчүлүктү колунан чыгарган эмес. Ал 18 гол киргизүүгө жетишип, командасынын башкы чабуулчусуна айланат. Кийинки жылы голдорун 20га жеткирип, Испаниянын Жогорку Лигасында ойногон «Реал Сарагоса» клубуна чакыруу алган.

«Реал Сарагоса» менен алгачкы ири сыйлыгы – Испаниянын кубогуна ээ болот. Ошондо анын клубу финалда мадриддик «Реалды» 3:2 эсебинде жеңген эле. Ошентсе да Вилья дүйнөгө мыкты оюнчу катары «Валенсиянын» курамында ойноп жүрүп таанылган. Валенсияда жашаган 5 жыл ичинде ал Испания курама командасынын ишенген чабуулчусуна айлана алды.

 
Вилья өзүн Барселонанын оюнчусу катары көрсөтүүдө

Ал эми 2010 жылдын май айында Вилья «Барселонанын» курамына өттү. Ал үчүн «Барселона» 42 миллион евросун аяган жок. Бул келишим жылдын эң кымбат трансфери болду. Футболчуну­ таа­ныш­­тыруу салтанатына 46 миң күйөрман келип, каармандын өзү №7-катар санындагы футболка кийип турду. Эми футбол күйөрмандарынын арасында эки суроо жаралды: Вилья «Барселонанын» курамында Лионел Мессинин көлөкөсүндө жоголуп кетпейби жана УЕФАнын Чемпион Лигасын жеңе алабы? Айта кетчү нерсе, анын буга чейин «Валенсияда», курама командада да ушул катар санында ойношу бекеринен эмес. 7 санынын астында анын келечегине жол ачкан атасы жана тун кызы Саида төрөлүшкөн.

Испаниядагы эки балакайдын бири түзөтүү

Давиддин улуттук курама командадагы карьерасы жөнүндө төмөнкү эки мисал көп нерседен кабар берет. Ал Испания жеңип чыккан «ЕВРО-2008» менен «ЮАР-2010до» көп сандаган голдору менен командасына жеңиш алып берип, аталган мелдештердин башкы бомбардири болгон. Кызыгы, Испания курама командасынын ишенген эки чабуулчусу тең Балакай аталышат. Себеби Давид Вильянын да, Фернандо Торрестин да лакап аттары ушундай. Эгер испаниялыктар Торрести Эль Ниньо дешсе, Вилья кичинекейинен эле чоңдор менен ойноп жүрүп Эль Гуахе (астурий тилинен которгондо «балакай» дегенди билдирет) аталып калган. Кошумчалай кетсек, Давид Испаниянын курамында алгачкы жолу оюнга 2005-жылдын 9-февралында чыгып, Сан-Мариного каршы оюн көрсөткөн.

Азырынча 3 айымдын жүрөгүн багынтты түзөтүү

Жакында окумуштуулар изилдөө жүргүзүшүп, европалык башка футболчулардан айырмаланып, испаниялык футболчулар 3 жылга кечирээк үйлөнүшөрүн айтып чыгышты. Алар муну менен «эмне үчүн испаниялык футболчулардын көбү бойдок?» деген суроого жооп беришкен. Айтор, үй-бүлө куруп, никеде бактылуу жашап келаткандардын арасында бүгүнкү каарманыбыз да бар.

Давид 21 жашында бала кезиндеги сүйүүсү болгон Патрисия Гонсалес менен баш кошкон. Экөөнүн Саида жана Олайя аттуу кыздары бар. Жубайы Патрисиянын өспүрүм кезинде профессионалдык деңгээлде футбол менен машыкканы маалым. Атактуу футбол жылдызы Давиддин жеке жашоодо бактылуу экенин анын үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттөрүнөн байкоого болот. Футболчу бош убактысын үй-бүлөсү менен өткөрүүгө аракет кылат.

Кызыктуу фактылар түзөтүү

  • 2006-жылы “Депортиво”-“Валенсия” беттешинде Пеленин кыялын ишке ашырган. Майдандын ортосунан топту экинчи тийүүсүндө дарбазага жолдоп, жеңиш голун киргизген. Ушинтип гол киргизүүнү кыялдангандыгын Пеле моюнга алган.
  • Майданга улуу кызынын аты жазылган «Адидас» фирмасынын спорттук бут кийимин кийип чыгат.
  • «ЕВРО-2008ден» кийин басылмалар Вильяны «Реалга» «кудалашкан» эле. Ошондо эки тарап футболчунун баасы боюнча макулдаша албай коюшкан. Тактап айтсак, «Реал» 5 миллион евросун аяп койгон.
  • 13-октябрда Шотландия менен болгон оюнда курама командадагы 45-голун киргизип, Раулдун рекордун басып өттү. Кызыгы, 45-голу беттештин

45-мүнөтүндө кирген.

Колдонулган адабияты түзөтүү

[1]