Виргиния-БичАКШнын чыгышындагы шаар. Виргиния штатында. Норфолк Виргиния-Бич агломерациясынын борборлорунун бири. Калкы 453,9 миң (2006; агломерациясында 1,6 млн). Атлантика океанындагы Чесапик булуңунун жээгинде жайгашкан. Норфолк ш. Виргиния-Бичке чыгышынан жалгашат. Чесапик булуңу аркылуу тешкен тоо-көпүрө автомобиль жолу (узундугу 37 км) өтөт. 1607-ж. негизделген; 1906-жылдан шаар, 1963-жылдан көз карандысыз шаар (бир да округга кирбейт). Туризм борбору, деңиз климаттык курорт; дүйнөдөгү эң узун курорт пляжы бар үчүн Гиннесс китебине кирген. «Форт-Стори» жөө аскерлер базасы, Генри тумшугунда маяк, континенттеги кыштан салынган эң эски имарат (Адам Торогуддун үйү; 17-кылымдын аягы), деңиз паркы бар. Университет (менчик), коллеж, деңиз музейи, симфониялык оркестр иштейт. Тейлөө чөйрөсүндө шаар калкынын 97% эмгектенет. Виргиния-Бичте жана анын чет жакасында авиабаза, деңиз пехотасынын базасы, аскер флотунун окуу-машыгуу борбору жайгашкан. Христиан телекөрсөтүү тармагынын штаб-квартирасы жана анын негизги студиялары (программасы 70 тилде жүргүзүлөт) бар. Машина куруу, электроника, курулуш индустрия өнөр-жай ишканалары иштейт.

Виргиния-Бич.

Колдонулган адабияттар түзөтүү