Вируленттүүлүк — белгилүү микроорганизмдердин оору козгоо жөндөмдүүлүгү (патогендүүлүгү). Вируленттүүлүк микроб же вирус пайда кылган оорунун оордугу боюнча аныкталат. В. агенттин инфекциялык касиетине жана организмдин инфекцияга туруктуулугуна, сезгич организмге микроорганизмдин жугуу жолуна, анда жайылышына жана көбөйүшүнө, анын тиричилигинде пайда болгон уу продукт — токсиндин бөлүнүшүнө байланыштуу. Вируленттүүлүктү жасалма жол (мисалы, ысытуу, нурга чалдыктыруу, химиялык затты таасир этүү) менен өзгөртүп, тирүү вакцина алууда пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8