Виски (англисче whisky, латынча aqua vitae өмүр суусу) – спирти 40-50% жеткен алкоголдук ичимдик. Негизинен Англия менен АКШда таралган. Дан эгиндеринин ачытылган ширесин бууландыруу жолу менен алынат. Виски даярдоо үчүн бууландыруучу жана ректификациялоочу ар түрдүү аппараттар колдонулат. Вискинин бардык түрлөрүнө арпанын угуту кошулат. Жетилген Вискиге химиялык таза суу, тазартылган спирт, кээде жыттуу заттар (экстракт) жана шарап аралаштырылып, керектүү сапат камсыз кылынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү