Витализм (лат. vitalis – тирүү, тирүүлүк күчү) – дин жана идеалисттик философия менен тыгыз байланышта болгон биологиядагы агым.

Витализм организмде материалдык касиетке ээ болгон өзгөчө тиричилик күчтөрү бар деп санаган көз караштардын жыйындысы. Витализм материяны пассивдүү, шалаакы, демилгесиз деп эсептеп, дүйнөдө, материядан тышкары, аны башкарган жана шарттаган активдүү күч бар деп болжолдойт. Ал анимизмден, азыркы мезгилдеги антидарвинисттик ар кандай окууларга чейин түрдүү формада өнүгүп келген. Витализмдин биология менен психологиянын айрым тармактарына күчтүү таасир тийгизип, биологиялык себептерге болгон механикалык көз караштарды сынга алышы анын алгылыктуу жагы болгон.

Табият илимдеринин жетишкендиги Витализмдин жалган экенин айкын кылды

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (Энциклопедиялык окуу куралы).-Б.:2004,ISBN9967-14020-8.