ВладивостокРоссия Федерациясындагы ири шаарлардын бири; Приморье крайынын административдик борбору.

Владивосток.

1860-жылы негизделип, 1880-ж. шаар статусун алган. Калкы 603;244 миң (2014). Ыраакы Чыгыштагы илимий, маданий, экономикалык ири борборлордун бири. Шаардын негизги бөлүгү Муравьёв-Амур жарым аралдарынын түштүк учунда жайгашып, Алтын Мүйүз бухтасы чулгайт. Ири жолдор тоому. Транссибирь магистралынын акыркы пункту. Деңиз порту (жылына 6,5 млн т жүк ташылат). Владивосток – Хабаровск автомагистралы, эл аралык аэропорту бар. Шаардык фуникулёр (аркан менен тартылуучу рельс жолу) 1962-жылдан иштейт. 1860-ж. негизделген; 1875-жылдан шаар. 1888-1920-ж. Приморье облусунун борбору. 1922-ж. 25-октябрда Совет өкмөтү орногон. 1922-26-ж. Приморье губерниясынын, 1926-38-ж. Ы. Чыгыш, 1938жылдан Приморье крайынын борбору. Шаар амфитеатр сымал жайгашып, көчөлөрү тепкичтенип салынган. Бүркүт Уя (Орлиное Гнездо) дөбөсүндө телемунара, анын этегинде телеборбор жана Радио үйү орношкон. Алтын Мүйүз бухтасын жээктей шаардын тарыхый очогу жайгашкан. Архитехтура эстеликтеринен Владивосток чеби, темир жол вокзалы, Чыгыш институту (азыр техникалык университет), «Версаль» мейманканасы, Ыйык Павел лютеран чиркөөсү, Сибирь флотилиясынын имараты ж. б. эстеликтер бар. Уссури булуңунун жээгинде, Емар бухтасында Бүткүл Россиялык балдар борбору «Океан» уюшулган (1983). Россия Илимдер Академиясынын Ыраакы Чыгыш бөлүмү, 15 Жогорку окуу жайлары (анын ичинде Ыраакы Чыгыш деңиз, медициналык университеттери ж. б.), 38 китепкана (анын ичинде А. П. Чехов атындагы борбордук), музейлер (Сухановдордун үй-музейи, Тынч океан флотунун аскер-тарыхы, деңиз музей-океанариум ж. б.), гал-лар, театрлар, филармония, Тынч океан симфониялык оркестри, цирк иштейт. Жыл сайын «Приморье жылдыздары» эларалык спорттук бал бийи, региондук театр, Бүткүл Россиялык «Ыраакы Чыгыш жазы» классикалык музыка фестивалдары өткөрүлүп турат. Кеме куруу жана ремонттоо (ишканалары: «Владивосток кеме ремонттоо заводу», «Чыгыш Верфь»), балык («Дальрыба» тоңдурулган балык продукциясы, «Дальморепродукт Троулерс»), жеңил («Заря» кийим-кечек ж. б.), аскер-деңиз жана граждандык флоттор үчүн радиоэлектроника техникасы («Радиоприбор») өндүрүшү иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү