Владимир Иванович Вернадский (1863–1945) – белгилүү орус табият изилдөөчү, минералолог, кристаллограф жана биохимия, биогеохимия, радиология жана биосфера жөнүндөгү илимдерге негиз салуучу.

Туулган жылы:

28 -февраль (12 -март) 1863(1863-03-12)

Туулган жери:

Санкт-Петербург,
Орус империясы

Каза болгон жылы:

6 -январь 1945(1945-01-06) (81 жаш)

Каза болгон жери:

Москва, СССР

Илимий чөйрөсү:

Геология, Кристаллография, Минералогия, Геохимия, Радиогеология, Биология, Биогеохимия, Философия

Белгилүү болгондугу:
Белгилүү болгондугу:

Илимий – техникалык революциянын өнүгүшү Владмирдиндин биосфера жөнүндөгү окуусунун чоң маанисин бардыгын аныктоодо. Илимий жетишкендиктер менен адам эмгегинин таасиринен биосфера акырындык менен жаңы абалга – ноосферага, б. а. акыл-эс сферасына өтөт. Философиялык ири жалпылоо болгон Владимирдин ноосфера жөнүндөгү идеясы анын ишмердигинин негизги эки багытынын (биохимия жана илимдер тармагы) кошулган жерде пайда болду.

Владимирдин кыйла эмгектери табият таануунун омоктуу философиялык проблемаларына арналган. Кыйла чет элдик Илимдер Академиясынын анык мүчөсү, көптөгөн илимий даражалар менен наамдардын ээси.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8