Владимир Вольфович Жириновский (25. 4. 1946-жылы туулган, Алмата, Казак ССР ― 2022-жылы 6-апрельда өлгөн, Москва, Орусия) – Советтик жана орусиялык саясатчы. Либералдык-демократиялык партиянын төрагасы.

Россия Федерациясынын Федералдык Чогулушунун Мамлекеттик Думасынын бардык чакырылыштагы депутаты (1993-жылдын 12-декабрынан баштап), 1993-2000-жылдары жана 2011-жылдын 21-декабрында Мамлекеттик Думада ЛДПР фракциясынын башчысы.

Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары (2000-2011), Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын делегаты (1996-2008). 1991, 1996, 2000, 2008, 2012 жана 2018-жылдардагы шайлоолордо Орусия Федерациясынын Президентинин кызмат ордуна талапкер.

Философия илимдеринин доктору (1998). Россия Федерациясынын эмгек сиңирген юристи (2000).

Шилтемелер түзөтүү

Калып:Орусия-stub