ВологдаРоссия Федерациясындагы шаар. Вологда облусунун административдик борбору. Аянты 116 км2. Калкы 311 166 миң (2015). Облустун түштүк бөлүгүндө, Вологда дарыясынын боюнда жайгашкан. Аэропорту бар. Жазма даректерде алгач 1264-жылдан эскерилет. 15-17-кылымда Приморье, Сибирь жана Батыш Европа менен соода очогу, 1782-ж. наместникчиликтин, 1796-жылдан Вологда губерниясынын борбору болгон. 15-16-кылымда ири кол өнөрчүлүк жана соода борбору. Успенье (Содгия), Воскресенье (1772-76) соборлору, Архиерей короосу ансамбли менен (шаардын архитехтуралык доминанты), коомдук турак жайлар, чиркөөлөр ж. б. сакталган. 2000-жылдан заманбап курулуштары шаардын борбордук бөлүгүндө план боюнча курулууда. Тогуз Жогорку окуу жайлары (филиалдары менен), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн), музейлер, Пётр 1нин, акын К. Н. Батюшковдун үй-музейлери, сүрөт галереясы, театр, филармония; подшивник, оптика-механика заводдору, сүт комбинаты, троллейбустар менен автобустар ишканалары, жыгаччылык станоктору, машина куруу, эмерек, жеңил, тамак-аш, курулуш-материалдык өнөр-жайлары иштейт. Көркөм промысели, сувенир буюмдарды жасоо өнүккөн.

Вологда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү