Хейвуд "Вуди" Аллен (англ. Heywood "Woody" Allen; туулган аты: Аллан Стүарт Конигсберг; 1935-жылы 1-декабрь) – чыгармачылык чөйрөдө алтымыш жылдан ашык иштеген америкалык режиссер, жазуучу, актер, куудул, драматург жана музыкант.

Woody Allen (2006)

1950-жылдары Аллен күлкүлүү аңгемелерди жана телеберүүлөргө сценарийлерди жазып, бир канча кыска күлкүлүү окуялардын китебин жарыкка чыгарган. 1960-жылдардын башында Аллен салтуу эмес монолог түрүндөгү тамашалардын куудул чордону болгон. Куудул кезинде Аллен өзүнүн жеке жашоосуна дал келбеген ишенимсиз, акыл эмгеги менен иштеген кежир байкуш кишинин образын жандандырган. 2004-жылы Comedy Central телеканалы Алленди "100 эң мыкты стэнд-ап куудулу" тизмесинде төртүнчү орунга жайгаштырган, ошол эле учурда актер Улуу Британиянын "Эң мыкты куудулдар" сурамжылоосу боюнча үчүнчү орунду ээлеген.

1960-жылдардын орто жылдарына карай Аллен жазуучулук жана тасма тартуу менен алектенген. Эң башында режиссер тамашалуу күлкүлүү окуялуу жанрдагы тасмаларды тарткан, кийин, 1970-жылдардагы Европанын көркөм тасмаларынан таасирленип драма жанрына өтөт, ошентип Аллен азыркыга чейин кезек менен күлкүлүү окуялуу жана драма жанрындагы тасмаларды тартып келет. Аллен 1960-жылдардын ортосундагы жана 1970-жылдардын аягындагы Голливуд режиссерлордун жаңы толкунунун парчасы катары каралат. Көптөгөн учурларда Аллен өзүнүн тасмаларында философ-баяндоочулардын ролун аткарат. Режиссердун 40тан ашык тасмаларынын эң белгилүүлөрү: "Энни Холл" (англ. Annie Hall, 1977), "Манхэттен" (англ. Manhattan, 1979), "Ханна жана сиңдилери" (англ. Hannah and Her Sisters, 1986) жана "Кылмыштар менен жоруктар" (англ. Crimes and Misdemeanors, 1989) тасмалары кирет. 2007-жылы Аллен өзүнүн эң мыкты тасмалары катары "Жылдыз чаңын эстөө" (англ. Stardust Memories, 1980), "Каирдин пурпур түстү роза гүлү" (англ. The Purple Rose of Cairo, 1985) жана "Жеңиш упайы" (англ. Match Point, 2005) тасмаларды белгилеген. Киносынчы Рожер Эберт Алленди "тасма казынасы" деп атаган.

Режиссер "Оскар" сыйлыгынын төрт номинациясына ээ, алар: үч "Эң мыкты сценарий" номинациясы жана бир "Эң мыкты режиссер" ("Энни Холл"). Ошондой эле режиссер тогуз BAFTA сыйлыгына ээ. Аллендин "Энни Холл" тасмасына жазган сценарийи АКШнын жазуучулар гильдиясынын "101 эң күлкүлүү сценарий" тизмесине кирген. 2011-жылы PBS телеканалынын American Masters телеберүүсүндө "Вуди Аллен: Документалдык тасма" (англ. Woody Allen: A Documentary) режиссердун өмүр баяны көрсөтүлгөн.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү