Вятка – Россия Федерациясынын Киров облусу менен Татарстандагы дарыя, Каманын оң куймасы. Узундугу 1314 км, алабынын аянты 129 миң км2. Жогорку Кама дөңсөөсүнөн (Удмуртия) башталат. Көбүнчө түздүк аркылуу агат. Негизги куймалары: Кобра, Молома, Пижма (оң), Чепца, Кильмезь (сол). Орточо чыгымы 890 м3/сек. Ноябрдан майга чейин тоңот. Киров шаарынан, жазында Кирс пристанынан баштап кеме жүрөт. Сал агызылат. Боюнда Слободской, Киров-Чепецк, Киров, Орлов, Советск, Халтурин, Котельнич, Вятские Поляны шаары жайгашкан.

Вятка
Мүнөздөмө
Узундугу 1 314 км
бассейндин аянты 129 000 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
Област Киров облусу, Татарстан
ОМСР 10010300212111100029744

Колдонулган адабияттар түзөтүү