Гагауздар - Молдова, Украина, Болгария, Румыния, Греция, Түркия жана башка жашаган түрк тилдүү калк. Түрк тилдеринин огуз-булгар бутагында сүйлөшөт. Жалпы саны 200 миң чамалуу. Молдовада чектелген автономиялык укуктарга ээ. Комратта компакттуу түрдө турушат.

Гагауздардын жеринин туусу.

Диний ишеними - христиан дининин православие багытын тутунушат. Антропологиялык жактан чоң европа расасына таандык, айрым жерлерде монголоиддик белгилер да байкалат. Салттуу чарбасы: мал багуучулук, жүзүм өндүрүү, кол өнөрчүлүк өнүккөн. Гагауз тилинин калыптанышына бул элдин түрдүү тилдик, этностук-маданий чөйрөлөргө жанаша жашоосу негизги ролду ойногон. Балкандагы башка түрк тилдүү этностор (гажалы, тозлук, юрук, кызыл баш, караманлы, сургуч жана башка) сыяктуу эле гагауздардын этностук жүзүнүн калыптануусуна булгар, огуз-печенек, берендей, ковуй, боут, кийинчерээк кыпчактардын тийгизген таасири чоң. Гагауздардын этностук пайдубалын огуз тилдүү уруулар түптөгөн. Жаңы доордо осмон- түрктөрүнүн да белгилүү таасири бар. Бул этнос байырлаган аймактарда Кыргыз-Суу, Кыргыз-Кытай, Катаган, Коңурат жана башка жер-суу аталыштарынын болушу орто кылымдардагы кыргыз этнокомпоненттеринин таралуу ареалын, кыргыз-гагауз этностук-маданий алакаларын чагылдырат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү