Газават (Мухаммед пайгамбардын газаваты) — Мухаммед пайгамбардын өзү катышкан согуштар жана жүрүштөр. Ислам илимий булактарына таянганда Мухаммед пайгамбар өзү катышкан согуштардын жана жүрүштөрдүн саны жыйырма жети. Газаваттын негизги согуштары: Бадр (624), Үхуд (625), Азхаб (627), Бани Мусталик (627), Хайбар, Мута (629), Хунайн-Автас (630), Таиф (630) жана Тебук (630). согуштар. Бул салгылашууларда 139 мусулман жана 112 оппонент курман болду, бардыгы 251 адам. Мусулмандар акыры 630-жылы январь айында Меккени бошотушту.[1] Газават согуштары, ошондой эле, жеңилген каршылаштарга жана туткундалган туткундарга каршы Пайгамбарыбыз башында турган мусулмандардын айкөлдүгү жана кечиримдүүлүгү менен белгилүү. Византия, Сасаниддер династиясы жана Таң падышалыгын тизесине бүктүргөн ушул мезгилдеги мусулмандардын согуштары ислам өлкөлөрүндө кеңири таралган Газават деп да аталат.[2]

Эскертмелер түзөтүү

  1. Саясий түшүндүрмө сөздүк. – Алматы, 2007. ISBN 9965-32-491-3
  2. Осман Кескиоглу. Акыркы Мухаммед пайгамбардын өмүр баяны. - Анкара, 1997

Шилтемелер түзөтүү