Гaзали, аль Газали, Абу Хамид Мухаммед ибн Мухаммед (1058, Иран, Хорасан, Туса шаары 19.12. 1111, ошол эле жер), мусулман уламасы, философ, теги боюнча ирандык. «Диний ишеним жөнүндөгү илимдерди калыбына келтирүү» («Китаб ухйя улум ад-дин») деген бардык илимдерден кыскартып жараткан көлөмдүү эмгегинде (компендий) Кудай эң жогорку Акыйкат болгондуктан, илимий негизде таанып-билүү мүмкүн эмес деген идеяны өнүктүргөн, өзгөчө чыгыш аристотелизмин жокко чыгарган (бирок анын классикалык баяндоосун берген). Газалинин ою боюнча кудайтаануу ар адамдын жекече эңсөөсү, бүткүл дили-делебеси менен берилүүсү, шыктанып табынуусу аркылуу гана жетиши мүмкүн. Бирок Газали реалдуу дүйнөнүн законченемдүүлүктөрүн рационалдык негизде изилденген, ачып чыккан ил. билимдердин тууралыгын четке каккан эмес. Өзүнө белгилүү филосиялык системаларды катуу сындаган, «Философтордун өзүн-өзү төгүндөөсү» китеби айрыкча чыгыш аристотелизмине, башкача айткандаошол учурдагы философиянын алдыңкы идеяларына каршы жазылган. Бул китепке жооп катары ибн-Рушд «Төгүндөөнү төгүндөө» аттуу эмгек жазган. Газалинин философиялык идеялары Европанын мистик ойчулдарынын (Луллий, Экхарт жана башка) окуусунун өнүгүшүнө таасир берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү