Гальванометр— эң аз ток күчүн жанa чыңалууну өлчөөчү, абдан сезгич электр өлчөгүч прибор.

Гальванометр көп убакта нөл-индикатор, б. а., электр тизмегинде токтун жанa чыңалуунун жок экендигин билдирүүчү түзүлүш катары пайдаланылат. Ал туруктуу жанa өзгөрмө ток Гальванометр болуп бөлүнөт. Турук­туу токтун биринчи Гальванометр 19-кылымдын 20- жылдарында түзүлгөн. Гальванометрдин конструкциясы улам өркүндөтүлүп отуруп 1881-ж. француз илимпозу Ж. А. д’Ар-сонваль түзгөн Гальванометрде кыймылдуу эле­менти туруктуу магнит талаасына жайгаштырылган токтуу өткөргүч болгон. Кыймылдуу элементинин конструкциясына жараша мындай Гальванометр рамалык, илмектүү жана кылдуу болуп айырмаланат.

Рамалык Гальванометрде кый­мылдуу элементи бир нече оромдуу рама, илмектүү Гальванометрде бир оромдон турган илмек жана кылдуу Гальванометрде аб­дан кере тартылган зым болот. Рама­лык Гальванометрде туруктуу магнит талаасында рама жайгаштырылып, анын огуна көрсөткүч жебе бекитилет. Раманын оромдорунан өтүүчү ток турук­туу магнит талаасы менен өз ара аракеттенип, айлануу моментин түзөт да, Гальванометрдин кыймылдуу бөлүгүн бурганда аны менен кошо жебе да шкалаиы бойлой жылат. Булардан башка да баллистикалык, вибрациялык жана жылуулук Гальванометрлери колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.