Гальштат маданиятытемир доорунун алгачкы мезгилинде (болжол м-н б. з. ч. 9—4-к.) Ортоңку Европанын түш. бөлүгүн мекендеген уруулардын архитектуралык маданияты.

Гальштат маданияты (түш.-батыш Австрия) жакын жердеги көрүстөндүн атынан аталган. Гальштат маданияты чыгышта (азыркы Австрия, Югославия, Албания, Чехословакиянын бир аз бөлүгү) байыркы иллирийликтер жашаган аймактарга, батышта (ГДР м-н ГФРдин түш. бөлүгү, Франциянын Рейн боюндагы департаменттери) келъттер мекендеген жерлерге, о. эле Италиядагы По дарыянын өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүнө тараган.

Чехословакияна табытты коюу үрп-адатынын бөтөнчө формалары мүнөздүү. Адамдар коло, темир куралдарын пайдаланышкан. Дыйканчылык улам күчөп, уруучулук түзүлүш бузулган да, таптык коом мамилелери пайда болгон. Гальштат маданиятынын тушунда ар түрдүү жасалгалоо, сүрөт өнөрү өнүгө баштап, акырындап батыш райондорунда латен маданияты менен алмашкан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.