Гамсахердиа Звиад Константинович

Гамсахердиа Звиад Константинович - (31. 3. 1939, Тбилиси 31. 12. 1993, Грузия, Жихаскарикыштагы) грузин саясий жана мамлекеттик ишмери. Филологияилимдер доктору (1991). Тбилиси университетин бүтүргөн (1962). 1963-77-ж. Грузин ССР ИАнын илимий, 1981-жылдан ага илимий кызматкери.1973-ж. Грузияда адам укугун коргоо боюнча демилге тобун, 1976-ж. грузин Хельсинки тобун уюштургандардын бири. 1977-ж. антисоветтик ишмердиги үчүн 3 жылга сүргүнгө айдалган. 1978-ж. АКШ конгресси тарабынан Нобель сыйл. көрсөтүлгөн. «Кайра куруу» жылдарында адам укугун коргоодо жана грузин улуттук кыймылында активдүү роль ойногон. 1990-жылдан Грузия ССРинин Жогорку Советинин төрагасы. 1991-ж. «Грузиянын мамлекеттик көзкаранды эместигин калыбына келтирүү» актысын даярдоо тобун жетектеген. 1991-ж. апрелде Грузия Республикасынын президенти болуп шайланган. 1991-ж.августта Грузиянын мамлекеттик эгемендүүлүгүн жарыялаган. 1992-ж. 6-январда Грузия Республикасынын Аскердик кеңеши тарабынан бийликтен четтетилген. Гамсахердия алгач өлкөнү таштап кеткен, 1993-ж. 24-сентябрда Зугдиди шаарына кайтып келип (Батыш Грузия), «куугунтуктагы өкмөттү» түзгөн. Анын Э. Шеварнадзенин режимине каршы күрөшү ийгиликсиз аяктап, Гамсахердия курман болгон. 1994-ж. анын сөөгү Грозный шаарына (Чечен Республикасы) коюлган. Грузиядагы «розалар революциясынан» кийин 2004-ж. январда сөөгү Тбилисиге алып келип коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү