Гаосун

Тайвандын үчүнчү чоң шаары

Гаосун - Тайвань аралындагы шаар. Калкы 1,5 млн (2006). Жолдор тоому, темиржол бекети. Тайбэй Гаосюн жогорку ылдамдыктагы темиржолу курулууда (2006). Ири порт (2005-ж. 36 млн о жүк ташылган; негизинен нефть). Эл-аралык аэропорту бар. Тайвандагы эң байыркы шаар. Мин династиясынын акыркы мезгилинде (17-кылымдын 1-жарымында) негизделген. Фэншань шаар дубалынын калдыгы (18-к.), храмдар сакталган. университеттер (андан ичкери Сунь Ятсен атындагы жана башка), калк китепканасы (1945), тарых музейи бар. Машина куруу, нефть ажыратуу, текстиль, Химиялык, цемент, тамак-аш, радиоэлектроника (негизинен компьютер) өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет. Шаарга жакын Ганшань, көпөлөктөр өрөөнү, минералдуу суулары бар курорт жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү