Гаприндашвили, Нона Терентьевна

Гаприндашвили, Нона Терентьевна (3. 5. 1941-ж. т., Зугдиди, Грузин ССРи) — сов. шахматчы. СССР спортунун эмгек сиңирген мастери (1964), эл аралык мастер (1961). 1966-жылдан КПСС мүчөсү.

Тбилиси чет тил пед. институтун бүтүргөн. Шахматты 5 жашынан ойноп, 15 жашында Грузин ССРинин чемпиону болгон. Шахмат боюнча аялдар арасында СССРдпн 2 (1964, 1974) жанa дүйнөнүн 5 жолку чемпио­ну (1962, 1965, 1969, 1972, 1975).

Аялдардын арасынан чыккан биринчи гроссмейстер (1975). Эл аралык турнирлерде бир нече жолу (Батуми, 1961; Сухуми, 1962; Бевервейк, 1963; Гастинго, 1963; Сухуми. 1964; Бел­град, 1966; Киев, 1967; Белград, 1968; Тбилиси, 1973; Белград, 1974) жеңип чыккан. Грузин ССР Жог. Советинин (9-шайл.) депутаты. Ленин ор­дени жанa медалдар менен сыйланган.Шахмат оюнун кеңири жайылтуу максатында 1976-ж. май айында Кыргызстанга келип бир нече оюнга катышкан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.