Гармония - (гр. harmonia байланыш, ырааттуулук, шайкештик) архитектурада курулуштун жеке бөлүктөрүнүн өз ара ылайыкташып, өлчөм катышы шайкеш келип, келишимдүү болушу. Архитектуралык гармония ой-идея менен бирге жаралып, имараттын масштабдуулугун, элементтеринин ыргагын, жаратылыш менен байланыш композициясын түзөт. Музыкада тондордун бир үндөшүүгө келүүсүнө жана үндөшүүнүн ладдын шартына карай катары менен жайгашуусуна байланышкан музыканын маанилүү каражаты. Гармонияда аккорддордун мааниси чоң; аккорддордун алмашуусу менен анын ладдык, гармониялык функциялары, ошондой эле үн өрчүгүү мыйзам ченемдери аныкталат. Гармония обонго шайкеш келүү менен аны байытып, угумдуулугун арттырат. Гармония элементтери, айрыкча каденциялар жана модуляциялар, музыкалык форманы түзүүдө маанилүү роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү