Гарри Поттер жана Өлүмдүн тартуусу. 2-бөлүм

"Гарри Поттер жана Өлүмдүн тартуусу. 2-бөлүм" (англ. Harry Potter and the Deathly Hallows: Part 2, орус. Гарри Поттер и Дары Смерти. Часть 2) -2011-жылы Дэвид Йетс тарткан жана "Warner Bros. Pictures" жайылткан британ-америкалык фэнтези. Тасма Ж.К. Роулиң жазган китепке негизделип тартылган жана тасманын экинчи бөлүмү болуп саналат. Ошондой эле тасма "Гарри Поттер" тасмаларынын сегизинчиси жана акыркы бөлүмү. Тасманын сценарийин Стив Клувс жазган жана Дэвид Хэймен, Дэвид Баррон менен Роулиң продюсерлик кылышкан. Тасма "Гарри Поттер жана Өлүмдүн тартуусу-1-бөлүм" тасмасынын уландысы болуп саналат. Бул чыгарылышта Гарри Поттер Волан-де-Морттун крестражын таап жана аны түп тамыры менен жок кылууга болгон аракетинин улангандыгы баяндалат.

Тасмада башкы ролду Дэниел Редклифф (Гарри Поттер) жана анын эң жакын досторунун ролдорун Руперт Гринт (Рон Уизли) жана Эмма Уотсон (Гермиона Грейнжер) аткарышкан.

Тасма абдан чоң ийгилик жаратып, көптөгөн мактоолорго арзуу менен киносынчылар бир ооздон 2011-жылдын эң мыкты тасмасы деп белгилешкен. Тасмадагы визуалдык эффектилер, оператордук иш, Александр Десплаттын музыкасы, экшндин ырааттуулугу, Дэвид Йетстин режиссерлук иши жана жогорку деңгээлдеги аткаруу мактоого арзыган. Ал эми 2016-жылы тасма дүйнөдөгү эң көп кирешелүү тасмалардын арасында сегизинчи орунду ээлеген. Ал ошондой эле 2011-жылдын эң кирешелүү тасмасы болгон.Тасма 1 миллиард АКШ долларына жеткен тогузунчу тасма болуп, "Гарри Поттер" тасмаларынын эң көп кирешелүү чыгарылышынын катарын толуктаган.

Тасма бир нече сыйлыктарды уткан жана көптөгөн наамдарга көрсөтүлгөн. Алардын ичинен "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты постановка", "Эң мыкты визуалдык эффект" жана "Эң мыкты мейкап жана чач жасалга" наамдарына көрсөтүлгөн.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү