Гаухати, Гувахати Индиянын түндүк-чыгышындагы шаар. Ассам штатында. Калкы 1,0 млн (2007). Брахмапутра дарыясынын сол жээгинде, Шиллонг платосунун этегинде жайгашкан. Жолдор тоому. Порт. Эл-аралык аэропорту бар. Алгач 4-кылымдан эскерилет. Индиядагы тантристтик (йога методдору) башкы храмдардын бири Камакхья-Мандир (индустардын зыярат кылуучу борбору), Наваграха астрология храмы, музей, унмверситет, инстититут бар. Гаухати ири соода борбору (чай, жут, күрүч, пахта). Нефть ажыратуу, тамак-аш (андан ичкери суумай), жут, кебез-кездеме, бугаары өнөр жай ишканалары, фанера жана самын кайнатуучу заводдору иштейт.

Гаухати.

Колдонулган адабияттар түзөтүү