Гафур Гулам - (Гафур Гуламович Гуламов [27.4(10.5).1903, Ташкен 10.7.1966, ошол эле жер) жазуучу, Өзбек ССР эл акыны (1963), Өзбек ССР ИАнын академиги (1943). Мугалимдер курсун бүтүрүп, бир нече жыл мугалим болуп иштеген. «3 урна» деген ыры «Маориф ва укитучи» («Агартуу жана мугалим») журналына жарыялангандан (1923) баштап адтка аралаша баштаган. «Чыгыштан баратам» (1943), «Туулган жер бактысы» (1951), «Ленин жана Чыгыш» (1961) жана башка ыр жыйнактарында өзбек элинин турмушун сүрөттөйт. А. Пушкин, М. Лермонтов, В. Маяковский жана башка акындардын ырларын өзбек тилине которгон. Өзбек адабиятынын тарыхын жана фольклорун изилдөөгө чоң салым кошкон. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1946), Өзбек ССР Жогорку Советинин депутаты (1945-51). Чыгармалары: Асарлар. 1-5 т., Тошкент. 1964-67; Ырлар. Ф., 1955; Избранное. Стихи. М., 1958.

Колдонулган адабияттар түзөтүү