ГвадалквивирИспаниянын түштүгүндөгү дарыя. Узундугу 657 км, алабынын аянты 57 миң км2. Андалусия тоолорунан башталып, Андалусия ойдуңу аркылуу акканда салааларга бөлүнүп, Атлантика океанынын Кадис булуңуна куярда эстуарийди пайда кылат. Февраль-март айларында кирет. Орто чыгымы 164 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Төмөнкү агымында кеме жүрөт. ГЭСтер курулган. Боюнда Кордова, Севилья шаары жайгашкан.

Гвадалквивир (Кордова).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Калып:River-stub