Гвианa бөксө тоосу - Түштүк Американын түндүк-чыгышында. Түндүгү менен түштүгүнөн Льянос-Ориноко түздүгү жана Амазонка ойдуңу, батышы менен чыгышынан Анд тоолору жана Атлантика океаны менен чектешет. Колумбия, Венесуэла, Бразилия, Гайана, Суринам, Гвиананын (фр.) аймактарында жайгашкан. Эң бийик жери 3014 м (Неблина чокусу). Тектоникалык жактан Түштүк Америка платформасынын калканы болуп саналат. Кристаллдуу сланец, гнейс, гранит тектеринен турат; айрым жерлерде аларды кварцит, кумдук, конгломерат тектери жаап жатат. Темир, марганец, алтын, алмаз, боксит кендери бар. Адыр-күдүрлүү, калдык чокулуу денудациялык түздүктөр (бийикт. 150-400 м) басымдуу. Борбордук бөлүгүндө тегиз, көбүнчө кумдуктан турган чет жакалары тик жарлуу, жондору жалпак платолор Ауян-Тепуи (2953 м), Рорайма (2772 м) жана башка жайгашкан. Алардан Амазонка менен Ориноконун алабындагы көптөгөн дарыялар башталат. Климаты экватордук, субэкватордук ысык жана нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 1200-1700 мм, Борбордук бөлүгүнүн чыгышында 3500 ммге чейин. Бөксөтоодон башталган дарыялар өтө көп, алар Ориноко, Амазонка дарыясынын жана Атлантика океанынын алаптарына кирип, нуктары өтө босоголуу, шаркыратмалар арбын, дүйнөдөгү эң бийик (1054 м) шаркыратма Анхелъ да Гвияна боюнан башталган Карони дарыясынын алабында. Батышы менен чыгышында дайыма жашыл нымдуу чытырман токой, борборунда жалбырагы күбүлмө-дайыма жашыл токой, айрым жеринде саванна, кумдуктан турган платолорунда ташгуу жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт.

Гвианa бөксө тоосу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү