Гвинея булуңу - Атлантика океанынында, Экватордук Африканын жээгинде, Пальмас тумшугунан (Либерия) Лопес тумшугуна (Габон) чейин созулат. Аянты 753 миң км2. Тереңдиги 5207 м. Биафра жана Бенин булуңдарына бөлүнөт. Аралдары (Биоко, Принсипи, Сан-Томе жана башка) көп. Вольта, Веме, Нигер дарыялары куят. Суткасына эки жолу ташкындайт (2,7 мге чейин). Негизги порттору: Тема, Аккра, Такоради (Гана), Ломе (Того), Лагос (Нигерия), Либревиль (Габон).

Гвинея булуңу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү