Гейдар Алирза уулу Алиев (10. 5. 1923, Нахчыван - 12. 12. 2003, Кливленд, АКШ) саясий жана мамлекеттик ишмер, Азербайжан Республикасынын Президенти (1993-2003), Социалистик Эмгектин Баатыры (1979, 1983). Азербайжан элинин жалпы улуттук лидери.

Гейдар Алиев
азе. Heydər Əliyev
Гейдар Алиев
Желек
Желек
Азербайжан Республикасынын 3-Президенти
10-октябрь 1993-ж. — 31-октябрь 2003-ж.
Андан мурунку: Абүлфаз Элчибий
Андан кийинки: Ильхам Алиев
Желек
Желек
Азербайжандын Милли Мажлисинин төрагасы
Андан мурунку: Иса Камбар
Андан кийинки: Расул Гулиев
Желек
Желек
Нахичеван Автономиялуу Республикасынын Али Мажлисинин Төрагасы
Андан мурунку: Шайланган
Андан кийинки: Васиф Талыбов
Желек
Желек
Азербайжан ССР КП БК биринчи секретары
желек
желек
Андан мурунку: Вали Ахундов
Андан кийинки: Камран Багыров
 
Дини: Шииттер
Туулган жери: Нахчыван, Нахчыван ӨКСР, Азербайжан КСР, КСРБ
Каза болгон жери: Кливленд, Огайо, АКШ
Атасы: Алирза Алиев
Апасы: Иззет Алиева
Жубайы: Зарифа Алиева
Балдары: уулу: Ильхам
кызы: Севиль
 
Автограф: Кол тамгасы

Азербайжан мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1941-49-ж. мамлекеттик коопсуздук органдарында жана Нахичеван АССР Министрлер Советинде жооптуу кызматтарда, 195064-ж. Азербайжан ССРинин Ички иштер министрлигинде жана Министрлер Советине караштуу мамлекеттик коопсуздук комитетинде жетекчи кызматта, 196467-ж. Азербайжан ССР Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинин председателинин орун басары, 1967-жылдан председатели. 1969-82-ж. Азербайжан КП БКнын биринчи секретары, 1982-87-ж. СССР Министрлер Советинин 1-орун басары, 1991-93-ж. Нахичеван Автономиялуу Республикасынын Жогорку межлисинин председатели, 1993-жылдан эгемендүү Азербайжан Республикасынын Жогорку Советинин төрагасы, Президенти болгон. Алиев президенттик кызматты аркалаган учурда ички саясий стабилдүүлүккө жетишип, чет элдик инвестициялардын келишин камсыздаган жана өлкөдө экономикалык өнүгүү үчүн жагымдуу кырдаал түзүлгөн. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Сыйлыктары түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эскертүүлөр түзөтүү