Гейзер - (исландча geysir, geysa төгүп жиберүү) мезгил-мезгили менен ысык суу жана буу атылып туруучу кайнар булак. Негизинен аракеттеги жанартоолуу аймактарда көбүрөөк пайда болот. Ал кесилген кичирээк конус, ар кандай формадагы чуңкур жана жапыз казанбак, чөйчөк сымал келип, алардын түбүндө же боорунда майда түтүкчөлөр, көңдөйчөлөр жана жаракалар болот. Чуңкурга суу толгончо гейзер тынч абалда жатат. Андан кийин тешиктерден ысык суу, буу күч менен атылып чыгат, кысым азайганда суу менен буунун чыгуусу токтоп, кайрадан тынчыйт. Аракет циклинин узактыгы жана айрым стадияларынын туруктуулугуна же өзгөрмөлүүлүгүнө жараша болот. Гейзер үзгүлтүктүү жана үзгүлтүксүз болуп бөлүнөт. Гейзер суусунун атылуусунун узактыгы ондогон минутага, ал эми тынчыган кези бир нече саатка, кээде бир топ күнгө созулат. Гейзердин суусу таза же чала минералдуу, химиялык курамы боюнча хлорид-натрийлүү, хлорид-гидрокарбонат-натрийлүү келет. Курамында кремнезём көп болсо, суу чыгып жаткан жердин айланасында опал сыяктуу тоотек гейзерит пайда болот. Гейзерден атылып чыккан суу 50м, буу 150 мден бийик көтөрүлүп, суунун температурасы 80°-90°ка жетет. Гейзер Россияда (Камчатка), Исландия, АКШ, Жаңы Зеландия, Италия, Япония жана Кытайда бар. Андан чыккан ысык суу менен бууну геотермия электр станциясына пайдаланууга болот, үйлөрдү жана күнөсканаларды жылытууда, энергетикалык курулмаларда колдонулат.

Гейзер Строккюр (Исландия).

Колдонулган адабияттар түзөтүү