Гельминтология - (гр. hеlmins, hеlminthos курт жана ...логия) мите курттар (гельминттер) жана алар козгоочу оорулар (гельминтоздор) жөнүндөгү илим. Гельминтология көпчүлүк биологиялык илимдер (зоология, медицина, ветеринария жана фитопатология) менен тыгыз байланышта. Ал теориялык жана колдонмо маселелерди камтыйт. Теориялык маселелерге гельминттердин тарыхый өөрчүшүн, морфологиясын, физиологиясын, биохимиясын, алардын биологиялык жана экологиялык өзгөчөлүктөрүн, жаныбарлар дүйнөсүндө ээлеген ордун, таралышын, адамга, айбандарга жана өсүмдүктөргө тийгизген таасирин изилдейт. Колдонмо гельминтология гельминтоздордун клиникасын, диагноздоо методдорун үйрөтөт, эпидемиологиясын жана эпизоотологиясын изилдеп, анын негизинде гельминтоздорду алдыналуу, дарылоо иш-чараларын иштеп чыгат. Негизги бөлүмдөрү: жалпы (гельминттердин фаунасын, систематикасын, биологиялык циклин жана башка изилдейт); медицтналык, ветеринардык, агрономиялык гельминтология же фитогельминтология. Гельминтологиянын өсүшүнө К. И. Скрябиндин жана анын мектебинин салымы чоң. Адабият: Скрябин К. И., Шульц Р. С. Основы обшей гельминтологии, М. 1940.

Колдонулган адабияттар түзөтүү