Гельминтоспориоз — өсүмдүктүн Helminthosporium уруусундагы мите козугарындар пайда кылуучу илдети. Негизинен дан өсүмдүктөрү жана нымдуу райондордо кээ бир техникалык өсүмдүктөр жабыркайт. Өсүмдүк жалбырагын жана данын темгил так басып, карарып, тамыры менен сабагы чирийт. Илдет үрөн жана өсүмдүк калдыгы менен тарайт. Арпа (тилке темгил жана калбыр темгил), сулу, жүгөрү, шалы, апийим, гозо чанагынын гельминтоспориозу көбүрөөк таралган. Арпанын тилкетемгили өсүмдүктүн эң коркунучтуу илдетинин бири, анда жалбырагын так басып, бозоруп, куурап калат. Дүмбүлү карарат. Калбыртемгилде жалбырагына саргыч кырбылуу боз так түшөт. Даны күрөң түскө айланат. Сактануу чаралары: тоңдурма айдоо, фосфор-калийлүү жерсемирткич чачуу жана башка, паянын минералданышын тездетүүчү агротехникалык чараларды көрүү, өсүмдүк калдыгын өрттөп жок кылуу; үрөндү себер алдында тазалоо, сорттоо жана дарылоо.

Bipolaris zeicola (Жүгөрү - лат. Zea mays).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.