Гент университети (англ. Ghent University; нидерл. Universiteit Gent, UGent деп кыскартылат) - мамлекеттик илимий-изилдөө университет болуп саналат. Ал Белгиянын Гент шаарында жайгашкан. Ал Нидерланды падышасы Вилиям I тарабынан 1817-жылы түзүлгөн. 1830-жылы Белгиялык революциясынан кийин, кайрадан Белгиялык мамлекеттик окуу жайды башкара баштаган. 1930-жылы, ал Бельгиядагы биринчи голландиялык тилдүү университети болуп саналат, анткени ага чейин окуу тили француз тилиндо окутулчу. 1991-жылы университет негизги өз алдынчалыгын алып, мурунку Гент мамлектеттик универвеситети ( Голландиялык тилде: Rijksuniversiteit Gent, RUG деп кыскартылат) болбой, азыркы аталышына өзгөрткөн. Ал 41,000 студенттен жана 9000 кызматкерден турган, ири фламанддык жогорку окуу жайларынын бири болуп саналат. Азыркы ректорунун аты Энн Де Паэп.

Гент университети.

Гент Белгиянын мыкты жогорку окуу жайларынын гана эмес, бүткүл дүйнө жүзү боюнча мыкты университеттердин арасына кирет. Дүйнөлүк ЖОЖдордун (ARWU) 2016-жылдын академиялык даражасы боюнча Гент 62-орунду ээлеген. 2015-жылдын Times Higher Education боюнча Гент университети 118-орунду ээлейт, QS World University рейтинги боюнча 124-орунда, ал эми Academic Ranking of World Universities боюнча 71-орунда турат. 2017-жылы US News & World Report рейтингинде Гент 98-орунду алган.

Тарыхы түзөтүү

Кампустары түзөтүү

Жетекчилиги түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү