Геоботаника (гр. ge - жер жана botane – чөп, өсүмдүк) – фитоценология жер бетиндеги өсүмдүктөрдү , алардын жамаатташтыгынын жыйындысын же фитоценозду изилдөөчү илим. Өсүмдүктөрдү флористикалык изилдөөдө алардын түрүнө, законченемдүүлүгүнө көңүл бөлүнөт. Мында өсүмдүк менен чөйрөнүн (климат, топурак жана башка) байланыштуулугун аныктабай туруп, фитоценоздун пайда болушун, түзүлүшүн, таралышын, өнүгүшүн билүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан Г. илими географиялык жана өсүмдүк экологиясы менен тыгыз байланышта өнүгөт. Г. термининин географиялык факторлорго жараша өсүмдүктүн жаралышын жана абалын иликтөөчү бот. илим жыйындысы катары белгилөө үчүн нем. ботаниги А. Гризебах 1866-ж. сунуш кылган. Г. – өсүмдүк менен жер кыртышынын байланышын изилдөөчү илим катары эсептелет. Ал өсүмдүк топторунун түрдүк курамын, тик жана горизонталдык бөлүнүүдө түрлөр арасындагы сандык катыштарын, өсүмдүктөрдүн чөйрө менен жана өз ара байланыштарын, жана түрдүк популяциялардын жаш курагы, курамын башкача атйканда Г. фитоценоздорду класстарга ажыратуу принциптерин да иштеп чыгат. Г-нын практикалык мааниси чоң, андан токой, жайыт шалбаа, саз жана башка илимий тармактар бөлүнүп чыккан. Аянттарды эсепке алууда жана аныктоодо, табигый өсүмдүктөрдүн азыктуулугун тактап жакшыртууда Г-нын практикалык мааниси чоң. Кыргызстанда Г. изилдөөлөр КР УИАнын Биология топурак таануу институтунда жана жогорку окуу жайлардын кафедраларында жүргүзүлөт.

Геоботаникалык карта (Австралия).

Колдонулган адабияттар түзөтүү