Географиялык кабык - генезистик жана функциялык бүтүндүккө ээ болгон жердин кабыгы. Ага атмененын төмөнкү бөлүгү тропосфера, литосферанын эң үстүнкү чөкмө тоотектүү катмары, бүт гидросфера жана биосфера кирет. Географиялык кабыктын курамдык бөлүгүн (компоненттерин) тропосферанын аба массалары, океан жана кургактык суулары, жер бетинин рельефи, ар түрдүү тоотек комплекстери, топурак кыртышы менен организмдер тобу түзөт. Географиялык кабык Жердин башка бөлүктөрүнөн заттык курамынын жана түзүлүшүнүн өзгөчө татаалдыгы, тиричиликтин болушу, эркин энергия булактарынын көптүгү, ошондой эле дээрлик өзгөрүүгө алып келген антропогендик таасирлери менен айырмаланат. Ушул себептерге байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдөн тышкары географиялык кабыктын курамына социосфера, техносфера жана ноосфера кирет. Географиялык кабыкта гана зат бир эле мезгилде үч агрегаттык (катуу, суюк, газ) абалда болот. Географиялык кабыкта болуп жаткан процесстердин негизги булагы Күн энергиясы, Жердин ички жылуулугу жана гравитациялык энергия саналат. Географиялык кабыкта Күн радиациясынын көбү сиңип, ал энергиянын жардамы менен көптөгөн табигый процесстер (абанын которулуусу, суунун айланышы, тиричилик жана башка) жүрөт. Алар Жердин ички энергиясы пайда кылган процесстер (тектоникалык кыймылдар, вулканизм жана башка) менен өзара татаал аракетте болот. Географиялык кабыкта гана чөкмө тоотек, топурак кыртышы пайда болуп, тиричилик жаралып, ал өтө ар түрдүү формада өөрчүйт. Тиричиликтин өнүгүүсү менен анын башка компоненттерге тийгизген таасиринин натыйжасында географиялык кабык азыркы биосферага айланган. Географиялык кабыкта гана адамзат коому калыптанып, Географиялык кабыктын табигый ресурстарынын негизинде өндүрүштүк иш-аракеттер болууда. Натыйжада географиялык кабык адамзаттын географиялык жашоо чөйрөсүнө айланды. Географиялык кабык — заттык курамы ар түрдүү, түзүлүшү өтө татаал болгондугуна карабастан, бирдиктүү материалдык система. Ал бирдиктүүлүк ички өзара байланыштар, тынымсыз зат жана энергия алмашуунун негизинде болот. Географиялык кабыктын айрым бир бөлүгү, мисалы, климаты же рельефи өзгөрсө, калган бөлүктөрү да сөзсүз өзгөрүүгө дуушар болот. Андай өзгөрүүлөр олуттуу же азыраак деңгээлде, тез арада же кыйла убакытта болушу мүмкүн. Географиялык кабык өзгөчө адам коомунун ишаракетинин натыйжасында кыска убакыттын ичинде эле олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Ал өзгөрүүлөр көбүвчө жаныбарлар менен өсүмдүк дүйнөсүндө, топурак кыртышында, жаратылыш суулары менен абанын булгануусунан даана байкалууда. Адамзат энергия алуу максатында отунду (нефть, газ, көмүр) көп колдонгондугунун натыйжасында глобалдык масштабда климаттын жылууланышы байкалууда. Бул табияттын башка компоненттерине өзүнүн таасирин тийгизбей койбойт. Географиялык кабык бүткүл адамзаттын мекени болгондуктан, анын жаратылышына аяр мамиле кылуу талап кылынат, ал үчүн географиялык кабыктын табиятын бирдиктүү система катары терең изилдеп билүү зарыл. Айрым окумуштуулар (К. К. Марков, А. М. Рябчиков) Географиялык кабыктын жогорку чегине бүткүл жер кыртышынын стратосферанын озон катмарына жана төмөнкү чегине жер кыртышынын таманына (Мохоровичич чеги) чейинки бөлүгүн да кийирет. Бирок, бул анча далилденген эмес, анткени стратосферадагы процесстер (мисалы, аба агымдары) космостук, ал эми жер кыртышынын төмөнкү бөлүгүндөгү өзгөчөлүктөр Жердин тереңдигиндеги процесстердин таасиринен пайда болот. Географиялык кабык абанын, суунун, тоотектердин, организмдердин өзара аракеттеринин натыйжасы, ошол өзара аракеттен пайда болгон жаңы касиет (мисалы, биологиялык продукция). Географиялык кабыкты изилдөөдө негизги көңүл табият компоненттеринин өзара аракеттерине, байланыштарына бурулат. Географиялык кабыктын синонимдери ландшафттык кабык, биогеосфера, эпигенема, эпигеосфера. Географиялык кабык түшүнүгүн орус физ. географы А. А. Григорьев 1932-ж. сунуштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү