Геологиялык кылымгеоло­гиялык ярусту түзүүчү тоо тек катмарларынын пайда болушуна кеткен убакыт бирдиги.

Радиологиялык аныктоолор б-ча анын узактыгы палеозой заманында 10 млн, мезозой менен кайнозойдо 5—6 млн жылга жакын. Геологиялык кылым өзүнө тийиштүү ярустун аты менен ата­лат (мис., төмөнкү кембрий мезгилинин алдан кылымы). Бир нече Геологиялык кылым. геологиялык доорду түзөт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.