Геосистема, географиялык система –географиялык кыртыштардын өз ара аракети жана байланыштарын белгилей турган компоненттердин жыйындысы, география жана геоэкологиянын фундаменталдык категориясы. Терминди 1963-ж. В. Б. Сочава жаратылыш аймактык комплекс (ЖАК) термининин синоними катары сунуштаган. Бирок, ЖАКтан айырмаланып, Геосистема түшүнүгүндө жаратылыш компоненттеринин өз ара айкалыштарына эле эмес, алардын ортосундагы зат жана энергия алмашуу процесстеринин жүрүшүн талдоого басым жасалат, компоненттердин ортосундагы өз ара аракеттен алардын бири-биринен ажырагыс чырмалышы жана жаңы касиети пайда болот, ошол касиетти изилдөө – Геосистема түшүнүгүндөгү башкы милдет. В. Б. Сочава Геосистемалардын үч деңгээлин айырмалайт: биринчи планеталык деңгээл – географиялык катмардан, экинчи аймактык деңгээл – жер бетиндеги ири Геосистемалардан (өлкө, зона, район ж. б.), үчүнчүсү локалдык жергиликтүү деңгээл – чакан Геосистемалардан (фация, урочище ж. б.) турат. «Геосистема» термини кийинчерээк башка мааниде да колдонула баштады. Айрым окумуштуулар (А. А. Минц, В. С. Преображенский, Ю. Г. Саушкин) «Геосистема» терминин жаратылыштык эле эмес, жаратылыштык-социалдык -экономикалык биригүүлөргө, ал эми геологдор жер бетиндеги бардык эле объектилерге карата колдонууну сунуш кылган. Анткени «система» ар түрдүү нерселердин өз ара байланышынын натыйжасындагы биригүүсүн билдирсе, «гео» Жердеги бардык объектилерге тийиштүү экендигин көрсөтөт. «Геосистема» терминин жер бетиндеги ар түрдүү географиялык биригүүлөргө кеңири түшүнүк катары колдонуу максатка ылайык. Андай Геосистемалардын мисалдары географиялык катмар, географиялык аймактар, ландшафттар, биогеоценоздор, табигый-чарбачылык системалар, аймактык рекреациялык системалар ж. б. Мындай учурда айрым түрдөгү объектилерди мүнөздөөдө терминге сын атоочтун мүчөсү жалганат: жаратылыштык, жаратылыштык-социалдык, жаратылыштык-тех., чарбалык ж. б. Бирок бардык учурларда ал объектилерди мүнөздөөдө системалык көз караш объектинин курамдык бөлүктөрүнүн өз ара байланыштарын анализдөө негизги ыкма болот. Геосистемаларды анализдөөдө үч түрдүү модель колдонулат: моносистемалык, мында Геосистеманын бөлүктөрү жаратылыш компоненттери же чарба тармактары; полисистемалык, мында Геосистеманын элементтери андан төмөн деңгээлдеги (аймагы боюнча) Геосистемалар; динамикалык, мында Геосистеманын мезгил ичиндеги ар түрдүү абалдары (кышындагы, жайындагы) каралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү