Геракл (байыркы гр. Ἡρακλῆς; лат. Herculēs, Геркулес) – грек мифологиясынын каарманы [төрөлгөндөгү аты Алкид (Ἀλκείδης)]; Зевс менен Алкменанын уулу. Гераклдин эрдиктери жөнүндө көп уламыштар бар.

Геракл.

Алардын эң белгилүүсү Гераклдин 12 эрдиги: 1) немей арыстанын жеңген 2) жети баштуу лерней ажыдаарын (гидра) өлтүргөн, 3) стимфалий желмогуз куштарын кырган, 4) керней элигин кармаган, 5) эриманф жапайы каманын үйрөткөн жана кентаврлар менен салгылашкан, 6) Авгийдин атканасын тазалаган, 7) крит букасын жеңген. 8) падыша Диомеддин аттарын уурдап, Диомеддин үстүнөн жеңишке жетишкен (уурдалып келген киши жегич аттарга жем кылып берген), 9) амазонкалардын (жалаң аялдардан турган эл) ханышасы Ипполитанын куруна ээ болгон, 10) үч баштуу дөө Герпондун өгүздөрүн уурдап кеткен, 11) Геспериддердин (келинчектер) багынан алтын алмаларды алган, 12) Аида (өлгөн жандардын кудайы) падышачылыгын коргоп турган Цербер деген дөбөттү жоошуткан. Башка уламыштар боюнча Антейди жеңген, Прометейди бошоткон, ошондой эле кентаврлар менен салгылашкан, д. у. с. көп эрдиктерди көрсөткөн. Грек эли Гераклди абдан кастарлаган, италиялыктар Геркулес деп урматтаган. Антикалык доордогу авторлордун чыгармаларында («Илиада»; Софокл, «Трахиниялык аялдар»; Еврипид, «Геракл» ж. б.), пластикада, кийин жаңы живописте (П. Веронезе, П. Рубенс, Г. Рени, Я. Тинторетто ж. б.) Геракл жөнүндөгү ар кандай мифтердин варианттары чагылдырылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү