Герань же башкача аталышы журавельник (лат. Pelargonium) – үйдө өстүрүлүүчү өсүмдүк. Анын 300 дөн ашык түрү белгилүү.

Pelargonium peltatum.

Герань жөнүндө уламыштар түзөтүү

  • Чыгышта ак гүлдүү геранды эшик алдына коюу салты болгон. Себеби герань өскөн жерге жылан жана чымын-чиркей жолобойт.
  • Байыркы славяндар болсо герандын гүлүн баштыкка салып дайыма жанына алып жүрсө, сүйүктүү адамынын көңүлүн бурууга болот деп ишенишкен.
  • Чыгыштын бир уламыштарында геранды отоо чөп катары көрүшкөндүгү айтылат. Бир күнү Мухаммед пайгамбар бул гүлдүн үстүнө тердеп суу болгон кийимин таштап коет. Герань кийимди күнгө тосуп кургаткан экен. Өсүмдүккө пайгамбар ыраазы болуп, үстүнө гүлдөрдү жайнаткан экен.
  • Өткөн кылымдарда герань жакырчылыктын белгиси катары эсептелинген. Бирок бул өсүмдүктүн дарылык касиети күчтүү экендигин эч ким тана албайт. Бул гүл коюлган бөлмөдөгү уулуу аба тазаланат. Бөлмөдө 7-8 саат турса, аба толугу менен тазаланат.
  • Геранды түш жорууда да колдонушкан. Эгерде түшкө отургузулган герань кирсе, жалгыздыктын белгиси, ал эми адам өзү гүл отургузуп жатса, үйүндө чыр-чатак чыгышы мүмкүн деп жорушкан.
  • Липиц областынын Воргольский чокуларында уялаган турналар жөнүндө уламыш Россияда айтылып келет. Уламышта мергенчилер ушул тоого турналарга мергенчилик кылуу үчүн чыгышат. Бир ургаачы турнаны атып салышат. Эркек турна болсо үч күн ошол жерде айланып учуп, өзүн аскага уруп өлөт. Башка канаттуулар ал жерден учуп кетишет. Эркек турна өлгөн жерге болсо жайнап гүлдөр чыгат. Гүлдөр ачылганда адамдар аны турнанын тумшугуна окшоштурушкан. Ошол убактан тартып герандын дагы бир аты турна чөп деп аталып калган.
  • Күз мезгилде турналар жылуу жакка учуп баратканда бир турна өз тобунан адашып талаага түшүп калат. Турнанын өйдө турууга алып келбейт. Күндөн-күнгө суук боло берет. Кар да жаап, канаттуунун үстүн жаап калат. Өлүп жатып турна өз жакындарын, сүйүктүү асманын эстеп көзүнөн жаш агат. Ошол тамган жаштан жазында бажырайып гүл өсүп чыгат. Анын гүлү турна эңсеген асманды элестетет.
  • Жаңы төрөлгөн Иисусту көтөрүп энеси качып баратканда тердегенден суу жерге суу тамчылайт. Тамчы түшкөн жерден дары гүл өсүп чыгат. Ал гүлдүн бардык бөлүктөрү дарылуу экен.
  • Далдын “Түшүндүрмө сөздүгүндө” геранды “Егоровдун куралы” деп берилген. Бул өсүмдүк Москванын гербине түшүрүлгөн христьяндардын жоокери Георгий (Егор, Юрий) менен байланышкан.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү