Гестапо (немецче Gestapo; Geheime Staatspolizei деген сөздүн кыскарган түрү) – Үчүнчү рейхтин (1933 – 1945) тушундагы саясий полиция. Фашизмдин саясий каршылаштарын жок кылуу (камоо, кыйноо, өлтүрүү ж. б. жол менен) максатында 1933-ж. апрелде түзүлгөн. Гестапонун концлагерлери менен түрмөлөрүндө жүз миңдеген антифашист сотсуз, сураксыз өлтүрүлгөн, Германиянын өзүндө да, андан сырткары жерлерде да агенттери болгон. Нацисттик партиянын мүчөлөрүн көзөмөлдөп туруучу атайын бөлүм иштеген. Экинчи дүйнөлүк согушта (1939-45) фашисттик Германия талкаланганда Германиядагы контролдоочу советтин № 2 мыйзамы менен жоюлуп, мыйзамдан тышкары деп жарыяланган. Нюрнбергдеги эл аралык согуш трибуналы (1946) аны кылмыштуу уюм деп тапкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү