Гетерономиялык этика (гр. heteros – башка, nomo – мыйзам) – ички адамгерчилик принциптеринен эмес, коомдук турмуштун башка жактарынан алынган сырткы күчтүн таасири аркылуу түшүндүрүүчү багыт. Гетерономиялык этика түшүнүгүн Кант «Тажрыйбалык акыл-эске сын» деген эмгегинде баяндап, адамдардын тартиби, кулк-мүнөзү сырткы себептердин таасири менен калыптанат деп эсептеген гетероном моралчыларды сынга алган. Этиканы гетерономиялык жана автономиялык деп бөлүү илимге каршы келет. Илимий этика адамдардын жүрүм-турумун ички психологиялык шарттар менен гана эмес, коомдук шартка негиздеп чечмелейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү