Гигрометр - (гигро... жана ...метр) – абанын нымдуулугун өлчөөчү прибор. Түрдүү принциптердин негизинде иштөөчү бир нече түрү бар: салмактык (абсолюттук), кылдуу (чач), плёнкалуу, конденсациялык, электролиттик гигрометр ж. б. Метеорологияда көп колдонулуучу кылдуу гигрометр иштөө принциби адамдын майсыз бир тал чачы өз узундугун аба нымдуулугуна жараша өзгөрткөндүктөн салыштырмалуу нымдуулукту 30%тен 100%ке чейин аныктоо мүмкүндүгүнө негизделген. Металл алкакка тартылган кылдын, чачтын узарышы шкалада жылып туруучу жебеге берилет. Плёнкалуу гигрометрде нымдуулук көбөйсө керилген, азайса жыйрылган (кичирейген) органикалык плёнка мембрана колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү