Гидраденит (лат. hidradenitis)— тер безинин ириңдүү сезгениши. Көбүнчө колтук бези, кээде чурай бези сезгенет. Семиз жана терчил кишилер көп ооруйт, стафилококк пайда кылат.

Колтуктагы гидраденит

Ооруга көбүнчө организмдин начарлашы, теринин бышаруусу, колтуктун тердеши, колтук жүнүн кырганда жабыркатып алуу, витамин жетишсиздиги, өздүк гигиенаны сактабоо жана башка себеп болот. Адегенде бир же бир нече катуу безчелер пайда болуп, алар тез чоңоёт, кызарып, кол тийгизбей ооруйт. Кээде оорулуу чыйрыгат, денеси ысыйт. Мындай белгилер байкалары менен врачка кайрылуу керек. Оору өтүшүп кетсе абсцесске алып келет. Бул учурда хирургиялык операция жасалат, бул ириңдүү сезгенүүнүн күчөп, оор кабылдоого — сепсис, флегмона, лимфаденитке өтүп кетишинен сактайт.

Гидраденит менен жабыркаган киши оору кайтлап кармабас үчүн спирт ичкиликтерин ичпей, таттуу жана өткүр татымал кошулган тамактарды аз жеши керек. Витаминге бай тамак-аш (капуста, алма, сабиз, ит мурун, жемиш жана башка) сунуш кылынат. Гидрадениттин алдын алууда өздүк гигиенаны сактоо жана терчилдикти дарылоо чоң мааниге ээ.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8