Гидрофиттер (гидро... жана грекче phytоn – өсүмдүк) – суу астындагы кыртышка бекип жана төмөнкү бөлүгү гана сууда туруучу суу өсүмдүктөрү. Негизинен дарыя, көлмө, көл, деңиз, океан жээктеринде өсүүчү жана саз өсүмдүктөрү. Алардын тамырлары, өткөргүч түтүкчөлөрү жана механикалык ткандары мыкты өнүккөн. Өсүмдүктөрдүн тиричилик формасы катары криптофиттерге тиешелүү. Көпчүлүк гидрофиттерден чым көң (торф) пайда болот.

Elodea canadensis.

Колдонулган адабияттар түзөтүү