Гидрофон - (гидро... жана грекче phonе – үн) – суудагы үн жана ультраүн термелүүлөрүн кабыл алуучу жана аларды электрдик термелүүлөргө өзгөртүүчү түзүлүш. Гидрофон гидроакустикалык түзүлүштө гидролокатордо, үн пеленгаторунда, акустикалык мина жардыргычта ж. б. түзүлүштөрдө колдонулат. Гидрофондун эң маанилүү мүнөздөмөсү электрдик чыңалуунун үндүк басымга болгон (мкВ/бар) катышын көрсөткөн сезгичтиги.

Колдонулган адабияттар түзөтүү