Гилас же Чие (лат. Cerasus avium) – роза гүлдүүлөр тукумунун чие уруусуна кирүүчү мөмө дарак. Бийиктиги 10 мге жетет. Жалбырагы сүйрү, жалбырак сабы узун, мөмөсү сары, кызгылт, кызыл же кочкул кызыл, даамы таттуу.

Мөмөсүндө 617% кант, 0,21,1% кислота, 1,41% белок жана 79,6% суу болот. Тез өсүп, бат жетилет. Негизинен кыйыштыруу жолу менен көбөйөт. Нымды жана жылуулукту көп керектейт. Европа, Азия, Африка жана Америкага кеңири таралган. Айдалма гилас Түштүк Европада мындан 2000 жыл мурда белгилүү болгон. КМШ өлкөлөрүндө Закавказье, Түндүк Кавказ, Түштүк Украина, Молдова жана Орто Азияда учурайт. Андан компот, кыям, шарап жасалат. Көчөтү 3–5 жылдан кийин мөмө байлайт, ар түбүнөн 150–200 кг түшүм алынат. Кыргызстанда «Дрогана жёлтая», «Зорька», «Ленинградская розовая», «Ленинградская чёрная» сорттору өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү