Гинецей - (грекче gynе – ургаачы, oikion – үй, турак жай) – гүлдөгү бир же көп энеликти пайда кылуучу мөмө жалбыракчалар. Гүлдүн репродукциялык бөлүгү. Мөмө жалбыракчасынын ар биринен өзүнчө энелик пайда болсо, апокарптык гинецей (магнолия, байчечекей, чымылдык), эволюция процессинде бир нече мөмө жалбыракчалары биригип өсүп, бир энеликти пайда кылса ценокарптык гинецей деп аталып, анын негизги үч тиби бар: синкарптык (жоогазын жана лилия), паракарптык (апийим, бадыраң, ашкабак) жана лизикарптык. Бир нече мөмө жалбырактын биригип өсүшүнөн пайда болгон гинецей татаал энелик деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү